Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча окуу-семинарга катышты
- Подробности
- Категория: Uncategorised
- Жарыяланган: 07.09.2026 07:19
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2026-жылдын 24-августунда өткөн аппараттык жыйынынын протоколдук тапшырмаларынын 11-пунктун аткаруунун алкагында кызматкерлер үчүн атайын окуу-семинар өткөрүлдү.
Окуу-семинар кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулуп, коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартиби боюнча кеңири маалымат берилди.
Семинардын жүрүшүндө кызматкерлерге колдонуудагы мыйзамдардын талаптары, коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу механизмдери жана мындай фактыларга туш болгон учурда белгиленген тартипте билдирүү берүү жол-жоболору түшүндүрүлдү. Иш-чарага Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери толук курамда катышышты.

