КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы КМШга мүчө мамлекеттердин Консультативдик кеңешинин XXII жыйынына катышты

Категория: Uncategorised
Жарыяланган: 04.08.2026 05:26

    2026-жылдын 21–22-июль күндөрү Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин мамлекеттик материалдык резервдерди башкарууну жүзөгө ашырган мамлекеттик (аткаруу) бийлик органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин XXII жыйыны болуп өттү.

    Жыйынга Кыргыз Республикасынын делегациясы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Иманбердиев Уланбек Исаевичтин жетекчилиги алдында катышты. Делегациянын курамына ошондой эле Фонддун кызматкерлери кирди.

     Жыйындын ишине Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышышты.

      Расмий иш сапардын алкагында Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода КМШга мүчө мамлекеттердин делегация жетекчилерин өзүнчө кабыл алды. Кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Уланбек Иманбердиев, Россия Федерациясынын жана Беларусь Республикасынын тиешелүү ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик материалдык резервдерди башкаруу жаатындагы мамлекеттер аралык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана биргелешкен ишмердүүлүктүн актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу маселелери талкууланды.

    Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик материалдык резервдер системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, Консультативдик кеңештин 2025–2026-жылдардагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик материалдык резервдерди түзүү, сактоо жана натыйжалуу пайдалануу боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

    Жыйында мамлекеттик материалдык резервдерди ички рыноктогу бааларды жөнгө салуунун жана турукташтыруунун натыйжалуу инструменти катары пайдалануу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Уланбек Иманбердиев Кыргыз Республикасында мамлекеттик материалдык резервдердин товардык интервенцияларын жүргүзүү аркылуу ички рыноктогу бааларды жөнгө салуу жана турукташтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

   Жыйындын жыйынтыгында КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, мамлекеттик материалдык резервдер системасын өркүндөтүүгө жана тармактык мекемелердин өз ара кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды.

    Кыргыз Республикасынын делегациясынын Консультативдик кеңештин жыйынына катышуусу мамлекеттик материалдык резервдерди башкаруу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү.

Нравится