Фонддун төрагасы «Медимпэкс» компаниясы ЖЧКсына иш сапары менен барды.
- Подробности
- Категория: Uncategorised
- Жарыяланган: 04.08.2026 02:22
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен ОсОО «Компания Медимпэкс» ортосунда кызматташтык жөнүндө келишим түзүлгөн.
Аталган келишимди ишке ашыруу маселелерин кароо алкагында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Иманбердиев Уланбек Исаевич ОсОО «Компания Медимпэкс» ишканасына иш сапары менен барды.
Иш сапардын жүрүшүндө төрага ишкананын ишмердүүлүгү, өндүрүштүк процесстер, ошондой эле чыгарылып жаткан продукциянын ассортименти жана сапаты менен жеринде таанышты.
Өзгөчө көңүл мурда түзүлгөн келишимдин шарттарын сактоо, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерине бурулду.


