25-апрелде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Чыныбаев Канатбек Койчубекович Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Категория: Uncategorised
Жарыяланган: 04.08.2026 00:56

25-апрель куну Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Чыныбаев Канатбек Койчубекович Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Иманбердиев Уланбек Исаевич менен биргеликте борбордук базанын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө объектилер жеринде каралып, учурдагы ишмердүүлүк жана материалдык-техникалык базанын абалы боюнча маалымат берилди.

Таанышуу жыйынтыгында Министр жана Фондтун  жамаатынын катышуусунда жыйын өткөрүлүп, анда министр ишти натыйжалуу уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, негизги багыттарды аныктап, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Нравится