Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда ишембилик өткөрүлдү

Категория: Uncategorised
Жарыяланган: 30.06.2026 08:52

     Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук базасында жалпы жамааттын катышуусунда ишембилик өткөрүлдү.

     Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкө аймагын жашылдандыруу, экологиялык абалды жакшыртуу жана «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу жөнүндө Жарлыгына ылайык, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, кызматкерлер тарабынан туя көчөттөрү отургузулду.

    Ишембиликке мекеменин бардык кызматкерлери активдүү катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлдү.

Нравится