Ишембилик өткөрүү жөнүндө

Категория: Uncategorised
Жарыяланган: 16.03.2026 05:01

    Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин   2026-жылдын    9-мартындагы “Ишембилик өткөрүү жөнүндө” №179 буйругуна жана 2026-жылдын   13-мартындагы №02-5/7442 тапшырмасына ылайык,   2026-жылдын 14-мартында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (мындан ары -Фонд) борбордук аппаратынын, борбордук базанын жана аймактык  башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан ишембиликтер өткөрүлдү.

    Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарындагы Фонддун борбордук базасынын жана аймактык башкармалыктардын айлана чөйрөсүн санитардык тазалоо, кампа жайларын оңдоп түзөө, актоо, сырдоо жана таштандыларды чыгаруу иштери өткөрүлдү.

Нравится