Мамлекеттик тилге 34 жыл

Создано: 20.09.2023 09:27

2023-жылдын 20-сентябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына арналган Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.

Ушул майрамдын алдында Фонддун жетекчилиги жалпы жамаатты улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады. Салтанаттуу жыйында Кыргыз тили Мамлекеттик тил макамын алгандан берки тарыхый жолу жөнүндө кыска тасма көрсөтүлдү. Андан соң, мамлекеттик тил боюнча Фонддун иш-чаралары жөнүндө баяндама жасалды.

Майрамдын көркүн жана шаңын ачкан мамлекеттик тилди даңктаган ыр саптары менен биздин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр факультетинин  жаш студенттери жана кыргыздын ырларын созолонткон  Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти Мурат Дербишалиевдер болду.

 

Нравится