Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А. Мусабековдун мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

Создано: 20.09.2023 09:18

Урматтуу мекендештер! Сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм.

Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз - бул мамлекеттик тилибиз.

Ушул жылдын 23-сентябрында Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганына 34 жыл толуп жатат.

2023-жылдын 17-июлунда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” №140 конституциялык мыйзамы кабыл алынды. Бул мыйзам Конституцияда белгиленген принциптерди бекемдейт: кыргыз тили мамлекеттик тил, аны колдонуунун тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат. Орус тили расмий тил статусуна ээ жана бардык улуттардын өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденет.

«Тилдин ээси - эл» деп залкар атабыз Түгөлбай Сыдыкбеков белгилегендей, жалпы элдик аракет, бир тилекке бириккен улуттук мүдөө гана тилибиздин толук кандуу иштешине жана өркүндөшүнө өбөлгө түзөт. Башка улуттун өкүлдөрүн өз айланабызга бириктирип, ынтымакта иштешүүнүн бирден-бир жолу - мамлекеттик тилди кеңири колдонуу.

Дүйнөдө теӊдеши жок „Манас“ эпосун жараткан кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун!

 

Нравится