«Коррупцияга каршы башкаруу жана комплаенс (шайкештик, берилгендик, ырааттуулук) жана «Коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу» темасында семинар өткөрүлдү

Создано: 08.12.2021 07:17

2021-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери үчүн «Коррупцияга каршы башкаруу жана комплаенс (шайкештик, берилгендик, ырааттуулук) жана «Коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу» темасында семинар өткөрүлдү.

 Семинардын негизги максаты - эл аралык ISO 37001 стандартынын талаптарына ылайык коррупцияга каршы башкаруу системасын кантип куруу керектиги жөнүндө жалпы түшүнүк алуу, антикоррупциялык башкаруу системасын куруунун негиздерин карап чыгуу жана аны уюштурууда колдоо.

         Лектор болуп, Борбордук Азиядагы коррупциянын көйгөйлөрүн жана кирешелерди адалдоону изилдөө институтунун эксперти Алмаз уулу Атай сүйлөдү.

 Семинардын жүрүшүндө фонддун кызматкерлери талкууга активдүү катышып, кызыккан суроолоруна кеңири жоопторду алышты.

Фонддун төрагасынын орун басары Р.Т. Каракулов лекторго жана семинардын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

 

Нравится