Бишкек шаарында Орусиялык компаниялардын эл аралык ар тармактуу бизнес миссиясы башталды

Создано: 12.11.2021 07:12

Бишкек шаарында 2021-жылдын 10-ноябрында Орусиялык компаниялардын эл аралык ар тармактуу бизнес миссиясы башталды. Форум россиялык өндүрүүчүлөрдүн продукциясын Кыргыз Республикасында алдыга жылдыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын бизнес-коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү максатында өткөрүлүүдө.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А. Мусабеков да катышууда.

Орусиялык компаниялардын эл аралык ар тармактуу бизнес миссиясы 2021-жылдын 10-ноябрынан 12-ноябрына чейин өтөт.

Форумдун алкагында бир катар жолугушуулар, документтерге кол коюу жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.

 

 

Нравится