Фотогалерея

 

 

2021-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Коллегиясынын отуруму болуп өттү

 

  2021-жылдын 5-февралында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Каныбек Абдраевич Айдаровдун жетекчигинин астында, ошондой эле коллегиянын мүчөлөрү: Р.Т. Каракулов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басарынын, М.М. Калыбаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын, Ч.Р. Наинбаев - Стратегиялык анализ, мамлекеттик сатып алуулар жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальнигинин, Т.К. Давлеталиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мамлекеттик резервди эсепке алуу жана контролдоо бөлүмүнүн начальнигинин, З.К. Жумалиев - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Региондор аралык башкы башкармалыгынын башчысынын, А.Т.Мырзалиев - "Дан" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун  катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Коллегиясынын отуруму болуп өттү.

         Ошондой эле, коллегиянын отурумуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери катышты.

Байкоочулар катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун коомдук кеңешинин өкүлдөрү чакырылган.

Коллегиянын отурумунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана Фонддун 2021-жылга иш планын бекитүү маселелери каралды.

Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2020-жылдагы ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп табуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Фонддун иш планы бир добуштан бекитилди.