Фотогалерея

 

 

Өзбекстан Республикасы 3 миң тонна азык-түлүк буудай даны түрүндө Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам өткөрүп берди

Өзбекстан Республикасы тарабынан 3 миң тонна өлчөмүндө азык-түлүк буудай даны түрүндө Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам өткөрүп берилди.

Өзбекстан Республикасы тарабынан гуманитардык жардам Ош шаарына чейин темир жол аркылуу жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.О. Абдураимовго өткөрүп берилди. Тапшыруу аземи 2020-жылы 17-ноябрда болуп өттү.

         Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, “Кыргыз Темир Жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык органдарынын өкүлдөрү катышты ...

         Азыркы учурда, өткөрүп берилген гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан түштүк аймактагы фонддун жооптуу сактоочу ишканаларынын элеваторлоруна  жайгаштырылды.