Фотогалерея

 

 

Фонд Государственных материальных резервов при правительстве КР Новости

Бишкек шаарында Орусиялык компаниялардын эл аралык ар тармактуу бизнес миссиясы башталды

Бишкек шаарында 2021-жылдын 10-ноябрында Орусиялык компаниялардын эл аралык ар тармактуу бизнес миссиясы башталды. Форум россиялык өндүрүүчүлөрдүн продукциясын Кыргыз Республикасында алдыга жылдыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын бизнес-коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү максатында өткөрүлүүдө.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А. Мусабеков да катышууда.

Орусиялык компаниялардын эл аралык ар тармактуу бизнес миссиясы 2021-жылдын 10-ноябрынан 12-ноябрына чейин өтөт.

Форумдун алкагында бир катар жолугушуулар, документтерге кол коюу жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчилердин жарандарды коомдук кабыл алуу графиги:

Күн сайын (дүйшөмбү - жума) 9.00дөн 17.00гө чейин.

Түшкү тыныгуу 12.30 - 13.30

 

Электрондук кайрылуу:

E-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Веб-сайт: www.gosmatreserv.gov.kg ("Жарандардын кайрылуулары" бөлүмү аркылуу)

 

Ишеним телефондору:

0312 35 26 06

0312 45 53 53 (Кабылдама)

1-октябрь Эл аралык карылар күнү

Бүгүн Фонддун иш күнү улгайган ардагерлерди  «Эл аралык карылар күнү» менен куттуктоо менен башталды.

Байыртадан бери эле кыргыз эли улуу муунду ар дайым урматтап келген жана алардын кеңештери жана акылмандыгы, бай турмуштук тажрыйбасы өзгөчө баалуу.

Улуу муундагы адамдар бизге жакшы маанайын жана жаркын идеалдарга болгон ишенимин билдиришет, каада -салттарды, үрп -адаттарды, тарыхый жана маданий баалуулуктарды кылдаттык менен сакташат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун системасында көп жылдар бою иштеген ардагер инсандарды  колдоо максатында Фонддун жетекчилиги жана кызматкерлери куттуктап, баарына материалдык жардам тапшырышты.

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Карылардын эл аралык күнү менен дагы бир жолу куттуктайбыз!

Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, кажыбас кайрат тилейбиз!  Бар болуңуздар!

Мамлекеттик тилге 32 жыл

 2021-жылдын 22-сентябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына арналган Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү. Салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жана Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын өкүлдөрү катышышты.

Ушул майрамдын алдында Фонддун жетекчилиги жалпы жамаатты улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады. Салтанаттуу жыйында Кыргыз тили Мамлекеттик тил макамын алгандан берки тарыхый жолу жөнүндө кыска тасма көрсөтүлдү. Андан соң, мамлекеттик тил боюнча Фонддун иш-чаралары жөнүндө баяндама жасалды.

Жыйындын жүрүшүндө Фонддун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси, ардак грамота жана алкыштар менен сыйланышты.

Подробнее...

2021-жыл 18-сентябрь Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Ишембилик өткөрүлдү  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А.Мариповдун 2021-жылдын 13-сентябрындагы №20-3691 тапшырмасынын негизинде “Дүйнөлүк тазалык күнү” глобалдык экологиялык жароандык акциянын алкагында, жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2021-жылдын №02-34/654-Т телефонограммасына ылайык, ушул жылдын 18-сентябрында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери тарабынан Фонддун айлана чөйрөсүн, санитардык тазалоо, таштандыларды чыгаруу жана имараттын алдын, тосмонун дубалдарын актоо иштери өткөрүлдү.

Подробнее...

Фонд государственных материальных резервов реализует муку 1-го сорта, 2-го сорта и отруби

Фонд государственных материальных резервов при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики сообщает, что в целях стабилизации цен и насыщения рынка республики, реализует муку 1-го сорта по цене 26 сом/кг, муку 2-го сорта по цене 19,25 сом/кг, отруби по цене 13,5 сом/кг с предприятия-ответхранителей:

 

- г. Джалалабад, ОАО «Азрат-Айыб», ул. Московская 46

Телефон: 3722 7 24 02;

- г. Кант ОАО, «Кант-Дан-Азык» , ул. Цемзаводская 9

Телефон: 0555 07 55 55;

- г. Кара-Балта, ГП «Дан», ул. П. Тольятти 1

Телефон: 3133 3 68 97;

- г. Балыкчи, ИП «Шаршеев Т.Б.» , ул. Матросова 110

Телефон: 0709 87 75 05.