2014-жылы көрсөтүлгөн гуманитардык жардам

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-мартындагы №65-б буйругун аткаруу үчүн, мамлекеттик материалдык резервден Ош, Чүй облустарынын калкына, ошондой эле Жумгал районунун Мин Куш айылына гуманитардык жардам берүү үчүн 185,00 тонна ун чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы №507-б буйругун аткаруу үчүн, Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга тамак аш азыктары түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

2014-жылы көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 4 880,34 миң сомду түзөт.

Нравится