2016-жылы көрсөтүлгөн гуманитардык жардам

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28 - мартындагы №130-б буйругун аткарууда, кайтарымсыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер Фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Ош облусунун Кара – Суу районунун Барак эксклавынын жашоочуларына биринчи сорттогу 5,0 тонна өлчөмдөгү унду берди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2 - декабрындагы №520-б буйругун аткарууда, кайтарымсыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер Фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Нарын облусунун Жумгал облусунун Мин- Кушайылынын жашоочуларына биринчи сорттогу 15,0 тонна өлчөмдөгү унду берди.

Нравится