Фотогалерея

 

 

Жобо

1-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 13-ноябрындагы
№ 645 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары - Мамлекеттик материалдык резервдер фонду) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аткаруучу жана контролдоочу функцияларды жүзөгө ашырууга, ошондой эле мамлекеттик материалдык резерв тутумун башкарууга, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууда, сактоодо, алмаштырууда, жаңылоодо жана пайдаланууда "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыздоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.

2. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

3. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнүн символикасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, Кыргыз Республикасынын Казынасында алыш-бериш жана башка эсептери болот.

2. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун максаты жана милдеттери

4. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун максаты мамлекеттик материалдык резерв тутумунун туруктуу иштешин камсыздоо болуп эсептелет.

5. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мобилизациялык пландарда белгиленген тапшырмалардын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө жана согуштук абалды киргизген, мобилизациялоо учурларындагы же согуш убагындагы мобилизациялык тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюуну, топтоону, сактоону, жаңылоону жана чыгарууну уюштуруу;

- мамлекеттик материалдык резервдин негизги фонддорун кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу, мамлекеттик материалдык резервдер тутумун экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу.

3. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун функциялары

6. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

- мамлекеттик материалдык резервди өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюуну, топтоону, сактоону жана чыгарууну уюштуруу тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;

- мамлекеттик материалдык резерв тутумун башкарууну жүзөгө ашырат, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууда, сактоодо, алмаштырууда, жаңылоодо жана пайдаланууда "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону камсыз кылат;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасы, топтоо ченеми боюнча жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүүдөгү жана сактоодогу чыгымдардын көлөмү, түзүмү боюнча республикалык бюджеттин долбооруна сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизет;

- мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө тапшырыктарды жайгаштырат жана жөнөтүүчүлөрдү тандайт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүчүлөр менен келишимдерди түзөт;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмегин түзүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизет;

- ведомстволук таандыктыкына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда жана уюмдарда сакталып турган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сандык жана сапаттык жактан текшерет, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу көрсөтмөлөрдү берет, текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө актыларды түзөт;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруунун тиешелүү эрежелерин иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүү, жаңылоо, алмаштыруу, сактоо боюнча милдеттенмелердин ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан жооптуу сактоочулар тарабынан аткарылышына контроль жүргүзөт;

- мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте жогорку органдарга берет;

- ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан мобилизациялык резервдин комплектелишин контролдоону жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде материалдык баалуулуктарды кабыл алуу жөнүндө жооптуу сактоочулар тарабынан берилген сактоо милдеттенмелеринин актыларына, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун материалдык жактан жооптуу адамдарынын кабыл алуу актыларына ылайык материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте коюуну, ошондой эле азайбас запастан башка мамлекеттик материалдык резервде турган материалдык баалуулуктардын көлөмүнөн 50 пайызга чейин сатуу же карызга алуу тартибинде материалдык баалуулуктарды брондон чыгарууну жана чыгарууну бекитилген форма боюнча тапшырмалардын негизинде он эки айдан ашык эмес мөөнөттө ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген баа менен аларды өз убагында жаңылоо максатында сатып алууга республикалык бюджетте тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде биринчи кезекте бюджеттик мекемелер боюнча белгиленген тартипте бөлүштүрөт;

- мамлекеттик материалдык резервдин топтоо ченеми, жеткирип берүү, коюу, жайгаштыруу орду жана иш жүзүндөгү запасы жөнүндө маалыматтарды жашыруундук тартибин сактоо менен берет;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.

4. Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун укуктары

7. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду төмөнкүлөргө укуктуу:

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарын жайгаштыруу жана сактоо боюнча республиканын региондорунда филиалдарды жана башка пункттарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды зарылдыгына жараша белгиленген тартипте киргизүүгө;

- мамлекеттик материалдык резервдин брондон чыгарылган жана ченемден жогорку материалдык баалуулуктарын, номенклатуралык эмес материалдык баалуулуктарын, карызды төлөөнүн эсебинен келген мүлктү сатууга;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан материалдык баалуулуктардын номенклатурасы, топтоо көлөмү, аларды ыңгайлуу жайгаштыруу жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюу жана сактоо менен байланышкан маселелерди кароо жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу үчүн зарыл маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды тапшыруу, жөнөтүү, коюу жөнүндө маалыматтарды алууга;

- мамлекеттик материалдык резервдин товардык-материалдык баалуулуктарын сактоо эрежелерине ылайык жайгаштырууну камсыздоо максатында өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы объектилерди курууну жана оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландоого жана уюштурууга;

- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишине тиешелүү маселелер боюнча зарылчылыкка жараша, келишимдик негизде башка уюмдардын жана эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;

- күрөө мүлкүн баалоо үчүн келишимдик негизде көз карандысыз баалоочуну гана тартууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык эл аралык контракттарды түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тикелей инвестицияларды тартууга;

- Мамлекеттик материалдык резервдин ишине тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн илимий-изилдөө жана билим берүү уюмдары менен келишимдерди түзүүгө;

- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча соттордо доогер жана жооп берүүчү катары чыгууга, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган мамлекеттик материалдык резерв менен байланышкан башка иштерди жүргүзүүгө.

5. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун каражаттары

8. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун өз алдынча балансы болот.

9. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атайын каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- мамлекеттик материалдык резервдеги дандан иштелип чыккан ун жана башка азыктарды, карызды төлөөнүн эсебинен түшкөн мүлктү, мамлекеттик материалдык резервдин номенклатуралык эмес материалдык баалуулуктарын, ченемден жогорку материалдык баалуулуктарды сатуудан түшкөн каражаттардан;

- Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан сатылбаган мүлктөрүн убактылуу пайдаланууга бергенден түшкөн, мамлекеттик материалдык резервден берилген жана мындан ары мамлекеттик материалдык резервдеги номенклатуралык товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу үчүн жиберилген материалдык баалуулуктар үчүн карызды төлөөнүн эсебинен алынган кирешелерден;

- мамлекеттик материалдык резервге коюлуучу материалдык баалуулуктарды сатуунун жана коюунун наркындагы айырмачылыктан;

- пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан түшкөн кирешелерден.

10. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атайын каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:

- мамлекеттик материалдык резервге коюу үчүн материалдык баалуулуктарды сатып алууга;

- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишинин алкагында максаттуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн (майдалоо, сактоо, газдоо, лабораториялык изилдөөлөр, жүктү коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын өткөрүү, жүктөө, түшүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, темир жолдордо мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары жүктөлгөн вагондорду маневр кылуу) жөнөтүүчүлөргө жана жооптуу сактоочуларга акы төлөөгө;

- бажы жана темир жол кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөгө;

- карызды төлөөнүн эсебинен алынган объектилерди коргоо боюнча жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун иши менен байланышкан башка чыгымдарды төлөөгө;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча материалдык баалуулуктарды сатып алууга;

- Мамлекеттик материалдык резервдер фондун жана анын аймактык бөлүнүштөрүн күтүүгө;

- мыйзамдарда белгиленген тартипте Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун иши жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлерин социалдык жактан колдоо үчүн каражаттарды түзүүгө;

- товардык материалдык баалуулуктарды чыгарууга жана брондон чыгарууга.

11. Материалдык баалуулуктарга жүргүзүлгөн операциялар боюнча мүлктүк жоопкерчилик "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

6. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун бюджети, отчеттуулугу жана аудити

12. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун бюджетин пайдалануу жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылат.

13. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишинин аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

14. Ишканаларда - жооптуу сактоочуларда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын эсепке алуу жана отчет берүү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

15. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду колдонуудагы эрежелер жана методикалар боюнча оперативдүү, бухгалтердик, статистикалык эсеп жүргүзөт, ага өткөрүп берилген мүлктүн, бюджеттик жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт.

7. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун түзүмү жана анын ишин уюштуруу

16. Мамлекеттик материалдык резервдер фондун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага жетектейт.

17. Төраганын бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат, кызматтан бошотулат жана төрагага түздөн-түз баш иет.

18. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы:

- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана анын тиешелүү кызматтарынын ишин жетектейт;

- биринчи кол коюу укугуна ээ болуу менен финансы каражаттарынын башкы тескөөчүсү болуп эсептелет;

- Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат, төраганын орун басарынын, түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин, жоопкерчилик деңгээлин аныктайт;

- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн түзүмүн бекитет, ал Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүүсүнө байланыштуу гана өзгөртүлүшү мүмкүн;

- белгиленген ченемдердин чегинде Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн штаттык ырааттамасын, чыгымдардын сметасын бекитет;

- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот, ошондой эле аларга карата сыйлоо чараларын жана тартип жазаларын көрөт;

- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын контролдойт;

- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлерине сый акы төлөөнүн шарттарын жана тартибин бекитет;

- белгиленген тартипте Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мүлкүн жана каражаттарын тескейт;

- ички иш тартибин белгилейт;

- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атынан ишеним каттарын берет, Кыргыз Республикасынын банктарында эсептерди ачат.

19. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мамлекеттик материалдык резервди түзүү жана сактоо менен байланышкан бардык иши мамлекеттик сырдын жана жашыруундук режиминин сакталышын камсыздоо боюнча талаптарга катуу шайкештикте жүргүзүлөт.

20. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 7 адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына кызмат орду боюнча кирүүчү төрага (коллегиянын төрагасы), төраганын орун басары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлдөрү кирет. Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Коллегиянын ишинин тартиби төрага тарабынан бекитилүүчү Жобо менен аныкталат.

8. Корутунду жоболор

21. Мамлекеттик материалдык резервдер фондун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

22. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.