Мамлекеттик материалдык резервдин 2017-2021-жылдарга туруктуу өнүгүү Стратегиясынын долбоору коомдук талкууга коюлат.

Категория: Жаңылыктар
Жарыяланган: 23.11.2016 03:56

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу  мамлекеттик материалдык резервдин  келээрки орто мөөнөттөгү 2017-2021-жылдарга туруктуу өнүгүү Стратегиясынын  долбоорун, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын долбоорун коомдук талкууга коёт.

ММРФнун 2017-2021-жылдарга  өнүгүү стратегиясы, мамлекеттик резервдеги азык-түлүк запастарын (ун, дан) мыйзамда бекитилген нормага чейин жеткирүү маселелерин, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жаңы номенклатурасын жана топтоо нормаларын иштеп чыгуу боюнча, мыйзамда белгиленген көлөмдө данды коюу үчүн Фондду өз убагында каржылоо боюнча, мамлекеттик резервге жана менчигинин түрүнө карабастан башка чарба субъектилерине сатылып алынуучу, коюулуучу жана жүктөлүучү дандын жана аны кайра иштетүудөн алынган азыктардын сапатына мамлекеттик көзөмөл тутумун түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү Улуттук Стратегиясы аныктаган максаттарына ылайык иштелип чыкты.

 

ММРФнун жаңы өнүгүү Стратегиясынын ылайык, мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун ишмердүүлүгүнүн башкы приоритеттүү багыттары болуп, ММРФнун жумуш процесстерин жана функцияларын өркүндөтүү, мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кадрдык потенциалын жогорулатуу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо жана түзүү, мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун жаңы номенклатурасын жана топтоо нормаларын иштеп чыгуу, уюштуруу түзүмүн оптимизациялоодо материалдык-техникалык ресурстарды башкарууну күчөтүү болуп саналат.

 

 

Долбоор жөнүндө пикирлер, ошондой эле сунуштар жана эскертүүлөрдү: (0312) 35-27-03, 45-64-11 (факс) телефондоруна же fgmr-007@mail.ru. электрондук дарек боюнча жиберүүңүздөрдү суранабыз.

Нравится