Армения Республикасынын Ереван шаарында 2016-жылдын 14-сентябрынан 16-сентябрына чейин мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин XII отуруму болду.

Категория: Жаңылыктар
Жарыяланган: 27.09.2016 08:16

Делегацияларды КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик материалдык резервдеринин жетекчилери жетектешти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун төрагасы жана компетентүү кызматкерлер катышышты.

Консультативдик кеңештин максаты болуп, КМШ катышуучу-мамлекеттерде мамлекеттик материалдык резервдерди башкарууну жүргүзгөн, мамлекеттик органдардын арасында мамлекеттик материалдык резервдер тутуму жаатында илимий-техникалык жана окуу-методикалык кызматташтыкты өркүндөтүү саналат.

2016-жылдын 2-сентябрында «Мамлекеттик муктаждыктар үчүн мамлекеттик баалуулуктарды сактоо жана өндүрүштүн инновациялык технологиялары» видеоконференция форматында өткөрүлгөн төртүнчү эл аралык илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы боюнча, Консультативдик кеңештин мүчөлөрүнө, КМШ катышуучу-мамлекеттерде мамлекеттик материалдык резервдер тутумунда илимий-техникалык өнүктүрүү көйгөйлөрү боюнча көп жана эки тараптуу негиздерде өз ара пайдалуу шарттарда иштерди улантуу сунушталган.

            Росрезерв КМШ катышуучу-мамлекеттерде мамлекеттик материалдык резервдер тутуму үчүн, мамлекеттик материалдык резервдерди башкарууну өркүндөтүү маселелери, ошондой эле кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана окутуу боюнча кызматташууга даяр.

Нравится