Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин буйругу менен мамлекеттик материалдык резервдин унунун баасы кайра каралды
- Подробности
- Категория: Жаңылыктар
- Жарыяланган: 21.07.2016 09:02
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 19-майындагы №223-б буйругун аткаруу үчүн, биринчи жана экинчи сорттогу буудай унунун баасын кайра кароо максатында, Мамлекеттик агентство тарабынан 2016-жылдын 6-июнунда «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 2-апрелиндеги №11буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №44 буйругу чыгарылды. Бул буйрукта Мамлекеттик материалдык резервдин унунун баасы
-1-сорт- 16,00 сом/кг
-2-сорт-12,50 сом деңгээлинде кайра каралды.