Фотогалерея

 

 

Майыптардын эл аралык күнүнө карата бир айлык

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу  “Биз биргебиз!” деген девиз менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү боюнча  бир айлык өткөрдү.

 

      Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун бирден – бир приоритеттүү маселери болгондуктан, Эл аралык майыптар күнүнө карата материалдык жардам көрсөтүү каралган.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы   №15-б буйругуна ылайык, мамлекеттик материалдык резервдер Фондусуна жардам берүү үчүн  Покровкадагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо интернаты  бекитилген.

       Балдарды кыргызстандык үй-бүлөлөргө берилгендигине байланыштуу 2013-жылы Покровкадагы реабилитациялоо интернаты  жоюлган.

 Ага карабастан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу  Бишкек шаарындагы муктаж болгон адистештирилген мекемелерге материалдык жардам көрсөтүнү улантып жатат, тактап айтканда  карылар үйүнө, балдар үйүнө “Үмүт шамы” коомдук кайрымдуулук фондусуна,  майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясына жана опорниктер майыптар коомуна.

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген социалдык мекемелердин аталышы

Кишилердин саны

Өткөрүлгөн иш-чаралар (майрамдык түшкү тамак, гуманитардык жардам көрсөтүү)

Чыгымдардын суммасы (миң.сом)

1

Бишкек шаарындагы карылар үйү

43 киши

Оказана материальная помощь 3 мешка муки (150кг) 1 сорта, 1 мешок сахара-песка (50кг),    приобретены краски для окон и дверей (4-банки)

 

ун-3300сом

 

 

кум-шекер-2240 сом

 

 

боёк-1520 сом

2

Бишкек шаарындагы балдар үйү

 88 бала

3 кап 1-сорттогу ун,

1 кап кум-шекер

ун-3300сом

кум-шекер-2240 сом

3

Опорниктер майыптар коому

35 киши

Тамак-аш азыктары

5000 сом

4

Майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы

43 аял

Тамак-аш азыктары

5000 сом

5

«Үмүт шамы» коомдук фонду

20 бала

20 даана балдардын футболкалары

6000 сом

 

Бардыгы:

 

 

28 600 сом

 

 

      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кайрымдуулук ишмердүүлүгү 2016-жылы улантылат.