Фотогалерея

 

 

9 декабрь-Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнү

 

  Ар жыл сайын 9-декабрда дүйнө жүзү боюнча коррупция менен күрөшүүнүн Эл аралык күнү белгиленет. 2003-жылы бул күнү кол коюу үчүн коррупцияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясы ачылган.

Коомдун коррупцияга болгон мамилеси дайыма терс мүнөздө болуп келген. Коррупция экономиканын өсүшүн басаңдатат, демократиялык институттарды күчсүздөндүрөт, мамлекеттин туруктуулугун бүлүндүрөт жана коомдук тартипти бузат.      

Конвенцияга кол койгон мамлекеттер пара, сатып алуу, бийликтик жана кызматтык абалдарын жана башка кыянаттык кылуу абалдарын пайдалануу аракеттерин болтурбоо чечимин кабыл алышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунда коррупцияга каршы аракеттер боюнча План бар, ага ылайык коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар ар дайым болуп турат.

            Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунда  антикоррупциялык комиссия жана конфликтерди жөнгө салуучу жана         кызматтык жүрүш-туруш этикасы боюнча комиссия түзүлгөн жана натыйжалуу иштеп жатат.

 

Андан сырткары коррупциянын көрүнүштөрү аныкталган учурда ар бир жаран Фонддун расмий сайтындагы «Коррупцияга каршы аракеттер» бөлүмүндө билдирүү калтырууга же «ишеним телефонуна» чалууга болот