Фотогалерея

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда Коомдук кеӊеш кайрадан түзүлдү

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда Коомдук кеӊеш кайрадан түзүлдү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын коомдук кеӊештери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдардагы Коомдук кеӊештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча Комиссия тарабынан курамы 9 мүчөдөн турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда Коомдук кеӊештин жаӊы курамы түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2019-жылдын 14-мартындагы “ММРФнун Коомдук кеӊешинин ишин уюштуруу жөнүндө” №36 буйругуна ылайык, Коомдук кеӊеш менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана макулдашууга добуш берүү укугу менен катышууга ММРФнун туруктуу өкүлү болуп, төраганын орун басары Каракулов Рустам Тулегенович шайланды. Сөз ММРФнун төрагасынын орун басары Р.Т.Каракуловго берилди. Каракулов Р.Т. өз сөзүндө ММРФнун Коомдук кеӊешинин мүчөлөрүн бекитилгендиги менен куттуктап, жемиштүү иштөөнү каалоо менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын коомдук кеӊештери жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык отурумду коомдук кеӊештин жашы боюнча улуу мүчөсү Б.Табалдиев ачты. Отурумдун жыйынтыгы боюнча төрага жана төраганын орун басары шайланды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссиянын 2019-жылдын 30- январындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Коомдук кеӊешинин мүчөлөрүнүн төмөнкү курамы бекитилди.

1. Бейшембаев Н.А.

2. Давлетбаева Г.К.

3. Джумалиева С.

4. Жунусова Р.

5. Закиряев О.Т.

6. Казиева И.

7. Ногойбаев Д.

8. Ульянова Н.М.

9. Табалдиев Б.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда Коомдук кеӊеш кайрадан түзүлдү