Фотогалерея

 

 

КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик резервдеринин жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервинин башчысы шайланды

КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик резервдеринин жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервинин башчысы шайланды. 

16-август 2018-жыл

КМШ катышуучу мамлекеттердин мамлекеттик материалдык резервдерин башкарууну жүргүзгөн мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин чечими менен, жыл сайын ротация жүргүзүү тартибинде Консультативдик кеңештин  төрагасынын ыйгарымы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Айдаров Каныбек Абдраевичке берилди.

Консультативдик кеңештин төрагасынын орун басары болуп Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик резервдер боюнча Федералдык агенттигинин жетекчиси Гогин Дмитрий Юрьевич шайланды.