3- март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желек күнү.

Категория: Жаңылыктар
Жарыяланган: 05.03.2018 06:58

Бүгүн 2018 –жылдын 3- мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын демилгеси менен борбордук аппараттын имаратынын алдында 3- март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желек күнүнө карата жаӊы желек көтөрүлдү.

Фонддун төрагасы Г.С.Анарбаев кызматкерлерге төмөндөгүдөй сөздөр менен кайрылды: «Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желек күнүн белгилеп жатабыз! Бул бир эле мезгилде мамлекетибиздин тарыхын, бүгүнкүсүн жана келечегин символдоштурган өзгөчө күн. Кыргызстандын мамлекеттик желеги биздин элибиздин рухун ишенимдүү чагылдырат. Биз аны көргөн сайын мекенге болгон сүйүүбүз артат жана өз өлкөбүзгө болгон сыймыктануу жана патриоттук сезим күчөйт. Бүгүнкү өзгөчө күндө Сиздерге чыӊ ден- соолук, ачык асман жана бакубатчылык каалайм. Кыргызстандын келечеги кеӊ болсун, ал эми Кыргызстандын мамлекеттик желеги Ала- Тоонун аппак чокулары менен теӊдеш желбирей берсин!»

Нравится