2018-жылдын 16-августунда Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик резервдеринин жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин XIV отурумунун ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун делегациясы катышты

Категория: Жаңылыктар
Жарыяланган: 23.08.2018 09:59

 

15-16-августа Астана шаарында өткөн иш-чарада Беларуссиянын, Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Молдованын, Россиянын, Тажикистандын, Монголиянын ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин делегациялары катышышты.

2017-2018-жылдары Консультативдик кеңешти башкарган, Казахстан Республикасынын коргоо жана аэрокосмикалык өндүрүш министрлигинин мамлекеттик материалдык резервдер боюнча комитетинин төрагасы Иманалиев Бахытбек Зубайраевич кеңештин ишмердиги жөнүндө жылдык

отчетун берди.

     Консультативдик Кеңештин негизги милдети болуп КМШ мейкиндигинде гуманитардык жардам берүү жана өзгөчө кырдаалдарды жоюуда калтырууга мүмкүн болбогон иштер үчүн запастарды ыкчам чыгарууну камсыз кылуу болуп саналат. Отчёттук мезгилде өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу максатында өз резервдерин Беларусия, Казахстан жана Россия көрсөтүштү. Азык-түлүк, отун, жашоону камсыз кылуучу каражаттар Кыргыз Республикасына, Тажикистанга жана Украинага жөнөтүлдү деп Казакстан мамлекеттик резервинин жетекчиси билдирди.

Росрезервдин сактоо көйгөйлөрү Илимий Изилдөө Институнун директору Сергей Уланин институттун КМШ өлкөлөрүнүн базалык уюму катары мамлекеттик резерв тутумундагы илимий–техникалык өнүгүү жана кадрларды даярдоо жаатындагы иши боюнча, ошондой эле материалдык баалуулуктардын сактоо мөөнөттөрүн узартуу жана сактоо шарттарын өркүндөтүү жаатындагы институттун инновациялык иштеп чыгуулары боюнча айтып берди.

Отурумдун катышуучулары КМШ Аткаруу комитетинин 2020-жылга чейин КМШнин экономикалык өнүгүү стратегиясынын аткарылуусу жөнүндө, 2030-жылга чейинки мезгилге КМШнин экономикалык өнүгүү стратегиясынын долбоорун даярдоо жана 2017-жылда КМШ катышуучу-мамлекеттердин тармактык кызматташтык органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат менен таанышышты.

Нравится