Фотогалерея

 

 

Фонд Государственных материальных резервов при правительстве КР Новости

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда кыргыз тил боюнча тесттен өткөн кызматкерлерге сертификат тапшыруу аземи болуп өттү

2024-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда кыргыз тил боюнча тесттен өткөн кызматкерлерге сертификат тапшыруу аземи болуп өттү. Фонддун төрагасы Мусабеков Базарбай Абдыкеримович кызматкерлерди ийгиликтери менен куттуктап, мамлекеттик тилибизге аяр, таза жана сый-урмат менен мамиле кылууга чакырып, Рамазан айынын акыркы күнү арапа жана Орозо айттын алдында ар бир мусулман бир туугандарыбызга ден - соолук жана бакыт каалады.

 

 

Улуттук тазалык күнү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Мусабеков Базарбай Абдыкеримовичтин жетекчилиги алдында фонддун кызматкерлери Биринчи май районуна караштуу Республика 1 көчөсүндөгү паркты тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ишеним” фракциясынын көчмө жыйыны болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда “Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ишеним” фракциясынын көчмө жыйыны болуп өттү.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Юридика бөлүмүнүн начальниги Нишанов Улугбек Хасанович менен жолугушуу болуп өттү

2024-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Тиленов Уланбек Эгембердиевич жана бардык бөлүмдүн начальниктеринин катышуусунда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Юридика бөлүмүнүн начальниги Нишанов Улугбек Хасанович менен жолугушуу болуп өттү. Биринчи маселе камсыздандыруу маселеси каралып, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча кеңири маалымат берди.

 

Урматтуу асылзат апалар, айымдар, эже-карындаштар!

   Урматтуу асылзат апалар, айымдар, эже-карындаштар!
Сиздерди, 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Жер жарылып, көк чыгып, теребел көрктөнө баштаганда биздин мээрман энелерибиз, айымдарыбыз, эже-карындаштарыбыз өз майрамын белгилеп келет.
   Урматтуу Айымдар!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктаймын!
Сиздердин мээрим, сиздердин жылуулук менен дүйнө бүтүн, дүйнө сулуу болуп жашоо уланат.
Сиздер бар жерде ынтымак-ырыскы, тартип, тынчтык, береке жылоолойт!
Ар бир аялзатына бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, назиктик жана сулуулук каалаймын!
Бар болуңуздар, алтын саамай асылзаадалар!
 

2023-жылдын жыйынтыгы менен салтанаттуу жыйын болуп өттү

    Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 2023-жылдын жыйынтыгы менен салтанаттуу жыйын болуп өттү. Жыйынды Фонддун төрагасы Мусабеков  Базарбай Абдыкеримович  ачып,  2023-жыл Фонд үчүн өтө жемиштүү жана көптөгөн ийгиликке жетишкен жыл болгондугуна кеңири токтолуп,  кирип келген жыл кут берекесин чачкан, ырыскысын мол тартуулаган жылдардан болуп,  экономикабыз ар тараптан өсүп өнүгүп, элибизде бекем эрк, ынтымак жана биримдик болсун деген тилегин билдирди.

   Ошондой эле Фонддун кызматкерлеринин арасында өз ишмердүүлүгүн мыкты аткарган кесипкөй кызматкерлерге министрликтин Ардак грамотасын жана баалуу белектерин тапшырды.