Кыргыз Эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата

    Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жамааты  Кыргыз Эл жазуучусу, дүйнөлүк деңгээлдеги атактуу жана даңктуу инсан  Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата  ушул жылдын  14-ноябрында  “Кыргыз тили жана Ч.Айтматовдун ааламы” деген темада иш-чара өткөрдү.

    Иш-чара Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу, улуттук баалуулуктарды, руханий дөөлөттөрдү жана маданий-тарыхый мурастарды даңазалоо максатында уюштурулду.  Ал  жазуучунун басып өткөн тагдыр жолдорун, чыгармачылыктагы жетишкен ийгиликтерин чагылдырган видеоролик менен башталды.  Андан соң иш-чараны  Фонддун Төрагасы Мусабеков Базарбай Абдыкеримович ачып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгилөө чечими чыкканын, учурда кыргыз журтчулугунда гана эмес, дүйнө алкагында да  жазуучунун мааракесине  арналган иш-чаралар өтүп жатканын белгиледи. Ошондой эле  мамлекеттик тилди өнүктүрүү  жана кыргыз тилинин улуулугу, ыйыктыгы тууралуу кеңири токтолду. Мындан сырткары азыркы кезде өлкөбүздүн өнгүгүүсүндө мамлекеттик тилдин тийгизген таасирин белгилөө менен мамлекеттик иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү талабы катуу коюлуп жатканын кошумчалады. 

    Персоналдар жана документтер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Юлдашева Парида Хайталиевна бөлүмдөргө берилген тапшырма боюнча ар бир кыргыз жараны мамлекеттик тилди аздектеп, аны кадырлап жана урматтаса гана кыргыз тили сакталып калаарын айтуу менен Фонддун жетекчиси Базарбай Мусабековдун Чынгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасын көркөм окуган видеоролигине көңүл бурууну өтүндү. 

    Ал эми Бухгалтердик эсеп жана экономика бөлүмүнүн жамааты поэзия саптарынан окушуп, соңунда жалпы “Илиястын ырын” аткарып беришти.     Кийинки кезек  Тышкы байланыштар жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнө жетип  “Кызыл алма” көркөм тасмасынан үзүндү аткарышты.  Ошондой эле Персоналдар жана документтер менен иштөө бөлүмүнүн жамааты да Ч.Айтматовго арналган ыр саптарынан окуп беришти. Ар бир аткарылган чыгармалар, ыр саптары, ролдоштурулган  оюндар калыс бааланып турулду. Андыктан Фонддун жетекчилиги мындай маанилүү иш- чарага активдүү  жана жоопкерчилик менен катышкан кызматкерлерге ийгиликтерди каалоо менен өзгөчөлөнө алгандарды баалуу белектер менен сыйлады. Белгилей кетүүчү жагдай  аталган мекеменин эмгек жамааты өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып, өлкөнүн коомдук турмушуна активдүу катышып келет.   

 

 

 

Нравится