Нооруз майрамыңыздар менен!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген. Нооруз - жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы. Тынчтыктын, өз ара түшүнүүнүн, биримдиктин жана ынтымактын салтанаты. Бул майрамда ар бир үйдө берекелүү дасторкон жайылып, сүмөлөк кайнатылат. Жергебиз майрам шаңына бөлөнүп, ыр-күлкү жаңырат.

Бул өзгөчө майрам өлкөбүзгө тынчтык, улууларыбызга кадыр-барк, жаштарыбызга ыйман алып келсин. Баба-дыйкандарыбыздын түшүмдөрү мол болсун. Жаздын ар бир күнүн пайдалуу өткөрүп, жайытыбыз малга, кампаларыбыз данга, дасторконубуз нанга толсун.

Нооруз жергебизге тынчтык жана токчулук алып келсин. Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!

Сиздерди урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А. Мусабеков.

 

Нравится