23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү менен!

Урматтуу мекендештер,

Бардыгыңыздарды 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атынан чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул майрам - мекенди сүйүүнүн, баатырлыктын жана эр жүрөктүүлүктүн майрамы.

Бүгүнкү жаркын майрам өлкөбүздүн бардык муундарынын башын бириктирип, бабаларыбыздын жакшы салттарын улап келет. Ар-намыстуулуктун жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтүп, Мекен үчүн өмүрүн кыйган ата-бабаларыбыздын жана чек араны коргоп курман болгон баатырларыбыздын  жаркын элесине, элибиздин улуу рухуна таазим этебиз.

Жыл өткөн сайын заман өзгөрүп, жаңы милдеттерди алдыбызга коюуда. Учурда Мекенди коргоо, туулган жериңдин кызыкчылыгын коргоо үчүн кайсы тармак болбосун ак эмгек, ак ниеттүү ишибиз менен өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдоого жана туруктуулугун сактоого мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Ар бир кыргыз жаранынын  жүрөгүндө  бекем намыс,  Мекенге болгон күчтүү сүйүү кошо жашаса, анда  Мекенибиздин келечеги кең болот.

Баарыңыздарды дагы бир жолу Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап, чың ден-соолук, бакыт-таалай, келечекке зор ишеним, Мекенибизге тынчтык, бейпилдик жана туруктуу өнүгүү каалайм!

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А. Мусабеков.

 

Нравится