Фотогалерея

 

 

Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Иш планына ылайык, 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда (мындан ары-Фонд) “Эне тилим – менин дилим” темасында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарада Кыргыз Республикасында жашаган ар түрдүү этностордун тилдери, каада салты тууралуу маалыматтар баяндалды, ошондой эле Фонддун кызматкерлери тарабынан  орус, татар, кыргыз тилдеринде улуу жазуучулардын ырлары, чыгармалары айтылды.

Мындан тышкары, ушул иш-чарага арналган видеоролик көрсөтүлдү.