Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда ишембилик

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2022-жылдын 19-октябрындагы №02-34/722-Т телефонограммасына ылайык, 2022-жылдын 22-октябрь жана 29-октябрь күндөрү Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан бактардын сөңгөктөрүн акиташ менен актоо жана дарылоо, айлана чөйрөнү санитардык тазалоо, ички жолдорду жана тротуарларды оңдоо, жумушчу кабинеттерин тазалоо жана ошондой эле Бишкек шаарындагы А. Боталиев атындагы паркта тазалоо жана таштандыларды чыгаруу иштери өткөрүлдү.

 

Нравится