Мамлекеттик тилге 33 жыл

2022-жылдын 23-сентябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына арналган Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун иш-чарасы болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А. Мусабеков жана төраганын орун басары У.Э. Тиленов катышышты.
 
Ушул майрамдын алдында Фонддун жетекчилиги жалпы жамаатты улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон - мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады. Аталган иш-чарада Кыргыз тили Мамлекеттик тил макамын алгандан берки тарыхый жолу жөнүндө кыска тасма көрсөтүлдү. Андан соң, мамлекеттик тил боюнча Фонддун иш-чаралары жөнүндө баяндама жасалды. Жыйындын жүрүшүндө Фонддун жаш кызматкерлери мамлекеттик тилди даңктаган ыр саптарды көркөм окуу менен өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.
 
Ушуну менен бирге эле, Фонддун кызматкерлерине "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазуу" курсун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу Тастыктамалар тапшырылды.
 
 
Нравится