Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ишембилик өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” №17 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан бак тигүү, бактарды сугаруу, агротехникалык талапка ылайык кыскартып кесүү, бактардын сөңгөктөрүн акиташ менен актоо жана дарылоо, айлана чөйрөнү санитардык тазалоо, ички жолдорду жана тротуарларды оңдоо, имараттын тосмо дубалдарын актоо, таштандыларды чыгаруу жана  жумушчу кабинеттерин тазалоо иштери өткөрүлдү.

 

Нравится