Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Базарбай Мусабековдун Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган.  Мамлекеттик туу — ар бир жарандын мекенге болгон атуулдук сезимдерин чагылдырып турган символ.  

Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн  чагылдырып турат. Биздин башкы максатыбыз -  Кыргызстанды урпактарыбыз сыймыктангыдай эркин жана өнүккөн мамлекетке айландырып, элибиздин бейпил жашоосу үчүн шарттарды түзүү.

Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келе жаткан  кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел.

Кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин! Жараткан жерибизге береке, элибизге оомат, дөөлөт, биримдик берсин!

Нравится