21-февраль - Эл аралык эне тил күнү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук аппаратында 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил майрамына карата атайын иш-чара өткөрүлдү.
 
Аталган иш-чарада майрамдын жаралуу тарыхын, ар улут өз эне тилин жоготпой сактоо керектигин жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында доклад окулуп, видеоролик көрсөтүлдү жана кызматкерлер арасында эне тил жөнүндө ырлар айтылды.
 
Фонддо мындан ары да эне тилди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Нравится