Урматтуу мекендештер!

 

         Сиздерди кирип келе жаткан 2022-жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

         Жаңы жылдык майрамдар – бул жаркын келечекке болгон ишеним, ар бир адам өзүнө жаңы максаттарды жана милдеттерди коюп, жаңы жылда сөзсүз түрдө аткарылышы керек болгон каалоолорду жараткан учур. Келиңиздер биз да жаркын үмүттөр менен эң жакшы тилек максаттарды айтып, жаңы жылды тосуп алалы.

         Жакындап кирип келе жаткан жаңы жылыбыз элибизге  аманчылыкты жана молчулукту алып келген, жаркын маанай чачкан, сүйүнүчтөргө толгон, тынчтыктын берекесин төккөн, жалпы эл үчүн жаратман эмгек жана жакшы үмүттөрдүн жылы болсун!

         Жаңы жылда алдыга  койгон ой-максат тилектериңиздер кабыл болуп, ишиңиздерде ийгиликтер боло берсин!

         2022-жыл Кыргыз Республикасы үчүн, жалпы элибиз үчүн акжолтой жыл болсун! Өлкөбүздүн келечеги кең болуп, өркүндөй берсин!

         Жараткан жерибизге береке, элибизге оомат, улуу дөөлөт, биримдик берсин!

         Жаңы жылда Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бактылуу өмүр, ырыскы-береке жана амандыкты каалайм.

         Жалпы элибизди, Кыргызстанды Кудайым өзү колдосун! Жаңы жылыңар менен!

 

Сиздерди урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А. Мусабеков.

Нравится