Мамлекеттик тилге 32 жыл

 2021-жылдын 22-сентябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына арналган Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү. Салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жана Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын өкүлдөрү катышышты.

Ушул майрамдын алдында Фонддун жетекчилиги жалпы жамаатты улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады. Салтанаттуу жыйында Кыргыз тили Мамлекеттик тил макамын алгандан берки тарыхый жолу жөнүндө кыска тасма көрсөтүлдү. Андан соң, мамлекеттик тил боюнча Фонддун иш-чаралары жөнүндө баяндама жасалды.

Жыйындын жүрүшүндө Фонддун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси, ардак грамота жана алкыштар менен сыйланышты.

 

Нравится