Эне тилим, эң кымбатым, ыйыгым.

Биздин элибиз эң байыркы улуу эл. Эне тилибиз биздин кыргыз тили бай, көрөңгөлүү тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечен бөгөттөргө карабай, келечекти кездей улуу сөз кербенинен өзүнө татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө мамлекеттик тилге айланды.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989 - жылы 23- сентябрда «Мамлекеттик тил тууралуу» Мыйзамын кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүү жагдайлары аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.

Эне тилибизге узак жылдар бою жакшы мамиле болбой келгени бизге маалым. Бүгүн биздин алдыбызда эне тилибизге жаңыча мамиле кылуу милдети турат.

«Улуттун келечеги — тилинде» демекчи эртеңки келечек үчүн Кыргызстандын ар бир жарааны мамлекетти сыйлап, анын тилин, маданиятын, тарыхын сактоого мекенчил болууга аракет кылып, кийинки муунга үлгү болушубуз керек. Тил майрамыңыздар кут болсун!

 

Нравится