2018- жылдын 1 – февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2017 – жылда аткарган ишмердигинин жыйынтыгын караган коллегиясы өткөрүлдү

 2018- жылдын 1 – февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2017 – жылда аткарган ишмердигининжыйынтыгын караган коллегиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Анарбаев Гуламжан Сатбалдыевичтин төралыгында, ошондой эле коллегия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти – Сатывалдиев А.В., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын начальниги – Жумалиев З.К., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары – Каракулов Р.Т., «Дан» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору- Кылычев А.З., Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун бухгалтердик эсеп жана финансы бөлүмүнүн начальниги – Леписова К.С., Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун стратегиялык анализ, мамлекеттик сатып алуулар жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальниги – К.К.Курмановдун. катышуусунда өткөрүлдү.

Коллегиянын отурумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2017 – жылда аткарган ишмердигинин жыйынтыгы каралды жана 2018 – жылга Фонддун коллегиясынын иш планы бекитилди.

Отурумунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2017 – жылдагы ишмердиги,Коллегиянын чечими менен канаттандыраарлык деп табылды. 2018 – жылга Фонддун коллегиясынын иш планы жана өнүгүүсү жана 2018 – жылга башка көйгөйлүү маселелери бир добуштан бекитилди.

 

Нравится